Окуу-тарбиялык иштер

Окуу процесси

Окутуу жана тарбиялоо ишмердүүлүн жакшыртуу максатында алынган өздүк темасы :

 

Максаты: «Жаны технологиялык иновациялык ыкмаларды колдонуп окуучулардын билоим сапатын жогорулатуу менен республикалык олимпиадада ийгиликтерге жетишүү жана руханий адеп-ахлакка тарбиялоо»

Милдеттери:

1.Окутуунун заманбап инновациялык ыкмаларын пайдалануу менен окуучуларды предметтик олимпиадаларга даярдоо жана жакшы көрсөткүчтөргө жетишүү.  Интернет менен байланыштыруу,интерактивдүү ыкмаларды пайдалануу, формативдик баалоону ишке ашыруу аркылуу окуучулардын билим сапатын жогорулатуу.

2.Мугалимдердин тажрыйбаларын мектеп ичинде  жайылтуу, профессионалдуулугун арттыруу.

3.Кыргыз элинин адептик жана рухий-ыймандык дөөлөттөрүбүздү сактоо менен окуучуларды нравалык тарбия берүүгө жетишүү.

4.Коомчулук жана ата-энелер менен байланышты чыңдоо менен окуучулардын билим сапатын жогорулатуу.

Ишке ашыруу жолдору:

1. Уюштуруу жана башкаруу иштерин өркүндөтүүнүн эсебинен мектептин билим берүү ишинин сапатын жогорулатуу

2. Мектептеги окуудагы жагымдуу жана шыктандыруучу атмосфераны өнүктүрүү, окуп жаткандарды өзүн-өзү контролдоого, өзүн-өзү көрсөтүү көндүмдөрүнө окутуу жана универсалдык окуу аракеттерин калыптандыруу

3. Заманбап билим берүү технологияларын киргизүүнүн негизинде өнүктүрүүчү билим берүү чөйрөсүн түзүү

4. Инновациялык жана илимий-изилдөө иштери үчүн билим берүү мейкиндигин кеңейтүү.

5. Үзгүлтүксүз билим берүү системасы аркылуу педагогдордун кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу, инновациялык программаларды ишке ашыруу боюнча жамааттын ишмердүүлүгүн активдештирүү

6. Зээндүү окуучулар менен иштөө, балдардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү

7. Билим берүү процессинин бардык катышуучуларынын денсоолугун сактоого жана чыңдоого багытталган ишти жана сергек жашоо көндүмдөрүнө үйрөтүү

8. Окуучуларды ЖМАны ийгиликтүү тапшырууга даярдоо. Мектепте окуучулардын өзгөчө керектөөлөрүн камсыз кылуу жана ар түрдүү тармактарда алардын таанып-билүү кызыкчылыктары менен жөндөмдүүлүктөрүн арттыруу максатында бардык багыттарда иш алып барат.