Башталгыч класстар боюнча маалымат
Башталгыч класстардын усулдык бирикмесинде 7 мугалим эмгектенет.
2 мугалим жогорку билимдүү.
5 мугалим атайын орто билимдүү.
1 мугалим эл агартуунун отличниги.
Башталгыч класстардын проблемасы: Жаны иновациялык ыкмаларды жана заманбап технологияны пайдалануу менен окуучулардын чыгармачыл ой -жүгүртүүлөрүн өстүрүү жана жогорку билим сапатына жетишуу.
Башталгыч класстар 2020-2021-окуу жылынан баштап “окуу керемет”, долбоорлоруна катышып жатышат.
“Керемет окуу” долбоорунун методдору ар бир сабакта колдонулуп, ачык сабактар өткөрүлүп турат.
Мектеп ичинен 1-4-класстарда жазуу иштери,окуу техникасы алынып,жыйынтыгы чыгарылып,мониторинг түзүлөт.
Башталгыч класстар усулдук бирикмесинде, жыл сайын » Келгиле окуйбуз», «Кыл калем» “Конулдуу старт”, «Жолдо журсон абайла!», “Апакемдин майрамы”, “Алтын күз” жана башка тарбиялык сааттар, ошондой эле китепканачы тарабынан “Жомоктор дуйносуно саякат” конкурсу өткөрүлүп турат.
2019-2020, 2020-2021- окуу жылындарында билим берүү аралыктан болгондугуна байланыштуу мугалимдер whatsapp,google meet, telegram платформалары менен иштешти. Ошондой эле ушул платформалардын жардамы менен мектеп акимчилиги тарабынан мугалимдердин сабактары текшерилип мониторинг түзүлүп жатты.