Мугалимдер күнү
К.Жумагулов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде «Мугалимдер күнүнө» карата уюштурулган иш-чарада, мектептин парламентинин окуучулары, «Биринчи мугалим» чыгармасынан сахналаштырылган сценка даярдашып, куттуктоо ыр саптары менен обондуу ырлары коштогон майрамдык кече коюп беришти. Парламентин башчысы 11-классынын окуучусу Асанбекова Альбина Сыргабековна бардык аткарыла турган иштерди дыкаттык менен карап чыгып, майрамдык концерттик программаны эң жакшы деңгээлде уюштурган.
Учурдан пайдаланып бардык мугалимдер жамаатын майрамы менен куттуктап кетмекчимин. Сиздердин ишиңиздерге ийгилик каалайм.
Комментарии