1-декабрь СПИД менен күрөшүү күнүнө карата өтүлгөн иш- чаралар
К.Жумагулов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин, «Манас»уюмунун окуучулары тарабынан уюштурулган «Биз СПИДке каршыбыз» деген иш-чарада, жалпы мектептин окуучулары активдүү катышышып, берилген тапшырмаларды өз убагында аткарышты.
Алар ар бир класстын жаш өзгөчөлүгүнө карата тапшырма-ларды беришти. 5-7-класстарынын тарткан сүрөттөрү боюнча жыйынтык чыгарылып, 1-орунду 5-классынын окуучусу Кыялбекова Бермет жана 6-классынын окуучусу Докдурбекова Айпери ээлешти. 2-орунду 7-классынын окуучусу Мухамбетов Бекназар ээледи.
Ошондой эле жогорку класстын окуучулары мыкты видео слайдды жасашып байгелүү орундарга ээ болушту.
Жалпы мектептин окуучулары менен биргеликте линейка өткөрүлүп, ал жерде уюмдун жетекчиси уюштурган видео слайд жана доклад окулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Комментарии